Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 30-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү – Ташауз көчөсү – Тыналиев көчөсү – Садырбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.
Суу Д-200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.