Бүгүн "Жыргалаң" курортун куруу үчүн жер тилкелеринин аукциону башталат

Туризм Загрузка... 08 Апрель 2026 09:23
516790339_123809400_JYKeWv5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча аукцион башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 10-апрелге чейин өткөрүлүп, күнүнө 12 лоттон коюлат. Аукциондо "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана, апартамент, этношаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулат.

Сатуу https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында өтөт. Эгерде электрондук аукциондун катышуучусу жеңүүчү деп таанылбаса же аукцион өтпөй калды деп эсептелсе, кепилдик төгүмү (взнос) сатуунун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде кайтарылып берилет.

Комиссия тарабынан аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:

  • аукционго катышуу үчүн бир дагы билдирме түшпөсө;
  • бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;
  • аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;
  • аукционго киргизилген талапкерлердин бири дагы ага катышпаса;
  • аукционго бир гана катышуучу катталса.

Объект үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Жеңүүчүгө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана ал сатып алынган мүлктүн төлөмүнүн эсебине чегерилет. Эгерде жеңүүчү жер тилкесинин сатып алуу баасын төлөөдөн баш тартса кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт.

Белгиленгендей, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу жана Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.

Курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин документтери берилип, бир катар объектилердин курулушу башталды.