Бир катар облустарда сел жүрүшү, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 10:10
5.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селге байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 29-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан тышкары, 29-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.