Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Asman Airlines авиакомпаниясынын Бишкек – Нарын багыты боюнча каттамдары 2026-жылдын 4-январынан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылууда.
Билеттин баасы эми 2 100 сомду түзөт (буга чейин 2 100 сомдон 3 100 сомго чейин болчу). Мындай социалдык багыттагы дотациялык каттамдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана саясий эркинин негизинде, аймактарды өнүктүрүү жана жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылды.
Asman Airlines компаниясынын жаңы каттамдары тоолуу аймакка болгон узак жолго кеткен убакытты кыскартып, коопсуз жана тез жетүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Авиакаттамдардын туруктуулугу туризмди өнүктүрүүгө жана аймактык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Ал эми билеттерди Asman Airlines тиркемеси аркылуу сатып алуу убакытты үнөмдөөгө, кезек күтүүдөн качууга жана ашыкча чыгымсыз алууга шарт түзөт.