Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Коом Загрузка... 27 Март 2026 20:25
NazarNews_186092575028260830328703786752321704331.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык соттун кезектеги отурумунда аталган иш каралды.

"Судья биринчи инстанцияда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу чечимин кабыл алды", - деп белгилешти Бишкек шаардык сотунан.

Эске салсак, 2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталгандардын баарын актаган болчу.