Мамлекеттик автомектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрү экзамен тапшыра баштады

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 18:50
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик автомектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү айдоочулук күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик квалификациялык экзамен тапшыра башташты.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, мамлекеттик автомектептин 4 айлык ылдамдатылган окуу программасын аяктаган курсанттар теориялык жана практикалык сынактарды тапшырууда.

Алгачкы талапкерлердин бири Бегимай Кутукеева теориялык экзамендеги 20 суроого тең туура жооп берип, биринчи аракетинен ийгиликтүү өттү. Эми ал "В" категориясы боюнча практикалык сынак тапшырат. Дагы бир талапкер бүгүн биринчи жолу экзамен тапшырды. Бул жолу өтө алган жок, бирок кайрадан сынактан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Белгилей кетсек, мамлекеттик автомектепте окуунун негизги мөөнөтү 10 айды түзөт. Ошону менен катар жарандар үчүн 4 айлык ылдамдатылган окуу форматы да каралган. Бул программада теория онлайн форматта өз алдынча өздөштүрүлүп, практикалык айдоо сабактары офлайн негизде өткөрүлөт.

Ички экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан кийин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик квалификациялык экзамендерге катышат. Андан ийгиликтүү өткөн жарандарга 6 айлык мөөнөткө жарактуу убактылуу улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берилет.

Эгерде ушул алты ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу, жол-транспорт кырсыктарына себеп болуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол берилбесе, анда айдоочу 6 кийин кошумча экзамен тапшырып 10 жылдык мөөнөткө берилүүчү улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алат. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзаменди тапшырышы – мамлекеттик автомектептин ишинин натыйжалуулугун айгнелейт.

Белгиленгендей, бул заманбап окутуу форматы жарандардын убактысын үнөмдөп, билим сапатын жогорулатууга жана жоопкерчиликтүү айдоочуларды даярдоого багытталган.