"Бишкек+25" саммитине кадам: Тоолуу аймактарды сактоонун илимий жолдору

Экология Загрузка... 19 Июнь 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-06-19 at 10.56.41.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Климаттык тобокелдиктерге каршы туруу жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн мааниси өсүүдө. Бишкек шаарында "Борбор Азиядагы тоолор, климат жана ден соолук" аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Бул иш-чара Борбор Азияда университети тарабынан уюштурулуп, ага 200дөн ашык изилдөөчү, эл аралык өнөктөш жана өнүктүрүү багытындагы адис катышууда. Эксперттер экологиялык көйгөйлөр менен күрөштө элдик билимди да эске алуу зарылдыгын айтышууда.

Эл аралык конференцияга Кыргызстан баштаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Германия, АКШ, Канада, Пакистан, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттерден өкүлдөр келишкен. Ортого салынган талкуунун негизги өзөгү климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана тоолуу региондорду климатка ылайыкташтырып өнүктүрүү жолдорун табуу болуп саналат.

Мындай кеңири курамдагы жыйындын Бишкек шаарында өтүп жатканы жөн жерден эмес. Климаттык күн тартипти илгерилетүүдө биздин өлкө лидерлик позицияда экенин эл аралык коомчулук жакшы билет. Кыргызстандын дүйнөлүк климаттык чөйрөдөгү ролун "Ага Хан" фондунун өкүлү Али Мухаммад Ага Хан да белгилеп өттү.

image
"Климаттын өзгөрүүсү көйгөй эле эмес, жаңы мүмкүнчүлүк дагы. Экология жана жаратылыш ресурстары тоо калкынын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Тобокелдиктерге берилүүчү жооптор өз-өзүнчө эмес, биргеликте болуусу керек. Бир да өлкө бул маселени өз алдынча чече албайт. Анткени, бул — глобалдык көйгөй. 2027-жылы Кыргызстанда Глобалдык тоо саммити өткөнү турат. Бул өлкө климаттык күн тартипте маанилүү ролду ойноп жатат", — деди Али Мухаммад Ага Хан.

Чындыгында, климаттын өзгөрүү шартында тоолуу өлкөлөр башка аймактарга караганда тез ысып, анын кесепетин жакындан сезүүдө. Мөңгүлөрдүн эрүүсү, жаан-чачын режиминин өзгөрүшү жана аба ырайынын экстремалдык мүнөзү тоолуу аймактардагы калктын жашоо-шартын катаалдаштырып, энергетикалык, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жаратууда.

Атап айтканда, бул кубулуштар таза суу, азык-түлүк, электр жарыгы, инфраструктура, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына терс таасирин тийгизүүдө. Мындай шартта тоо жамааттары инновациялык чечимдерге муктаж.

2025-11-18_17-24-37_436017
"Мурун тоолуу региондордун абасы таза, суусу кенен жана табияты керемет десек, эми такыр башка таасирлерге дуушар болуу коркунучу турат. Мөңгүлөр тартылып, климаттык кырсыктар, экономикалык тобокелдиктер көбөйүүдө. Айыл чарбасында түшүм көйгөйүн, кышында жаан жаап, жазында кургакчылык өкүм сүргөнүн көрүп, байкап жатабыз. Биз климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу чечимдерди илимдин негизинде кабыл алышыбыз керек. Бизге илимий жолдомолор, илимий изилдөөлөр керек. Климаттык өзгөрүүлөр адамдардын саламаттыгына да чоң таасирин тийгизүүдө. Мурда жылуу өлкөлөрдө гана кездешүүчү оорулар, азыр башка аймактарда да байкалып жатат", — деди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев.

Экологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда тоо калкынын даярдыгы жана түшүнүгү да маанилүү. Изилдөөчү, Борбор Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Самаков Кыргызстандагы жамааттардын элдик билимдеринин негизинде климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу суроолоруна жооп издеп келет.

WhatsApp Image 2026-06-19 at 10.56.42 (5)
"Биз Кыргызстандын ар бир бурчунда изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз. Коомчулукта "биздин эл климатка ыңгайлашууга даяр эмес, билими жетпейт" деген түшүнүк калыптанып калган. Биздин изилдөөлөрүбүз, тескерисинче, элибиздин билими өтө терең экенин көрсөтүүдө. Жергиликтүү жамааттар климаттын өзгөрүүсүн метеорологдордон мурда эле байкап койгон учурлар көп кездешет. Мисалы, Баткендеги өрүк өстүрүү ыкмасын алсак, жергиликтүү жамаат климат өзгөрүп жатканын эчак эле түшүнгөн. Анткени өрүк эрте гүлдөйт, үшүк жүрөт, курт-кумурскалардын, мал-жандын жүрүм-туруму өзгөрөт. Жергиликтүү эл климат өзгөрүп жатканын ушундан эле байкап коёт да. Биздин милдет жергиликтүү калктын билимин баалап, түшүнө билүү. Элдик билим өтө терең. Аны кармап турган аксакал, байбичелерибиз, даанышмандарыбыз бар кезде ошол элдик билимди сактап, жазып, түшүнүп калышыбыз керек. Ата-бабаларыбыздын жаратылышка мамилесин эстеп, колдонуп улантсак эле айлана-чөйрө оңолот деген ойдомун", — деди изилдөөчү Айбек Самаков.

Аталган конференция 2027-жылдын октябрына пландаштырылган "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммити үчүн далилдер базасын жана диалогдорду түзүү аянты болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан климаттык өзгөрүүнүн кесепеттери туурасында ондогон жылдардан бери эл аралык деңгээлде айтып келет. 2002-жылы БУУнун колдоосу менен Бишкек шаарында Биринчи глобалдык тоо саммити өткөн. Дээрлик жыйырма жылдан кийин президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" (2023–2027-жж.) кабыл алынган. Ал тоолуу экосистемаларга жана жамааттарга байланыштуу глобалдык маселелерди эл аралык күн тартипке чыгарууну көздөйт.