Бишкекте 4-апрелден бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 10 Апрель 2026 14:14
News_318141845181258943425632627581194739492.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 4-апрелден бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Н.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2009-жылы туулган Н. С. аттуу уулун издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Жарандын арызы боюнча өспүрүм 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30да Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен.

Аталган факт боюнча дароо ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында бүгүн жаш өспүрүмдүнсөөгү табылган. Маркумдун сөөгү каралып, алдын ала көзгө көрүнгөн дене жаракаттары аныкталган жок.

Аталган факты боюнча өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.