Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Германияда кыргызстандык кыз каза болду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 2002-жылы туулган С.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын сөөгү 2026-жылдын 1-июнунда Германиядагы Боден көлүнөн табылган.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча аталган өлкөнүн компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүдө жана каза болгон жарандын туугандары менен тынымсыз байланышта болууда.
Учурда сөөктү мекенине репатриациялоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштери жүрүп жатат.