Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды

Спорт Загрузка... 14 Апрель 2026 09:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бишкектеги “Жаштык” арена спорт комплексинде алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште жалпы 15 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашат.

Беттештер классикалык жана эркин стилдер боюнча өткөрүлөт.
Эркектер: 60кг, 70кг, 80кг, 90кг, 100кг чейинки жана 100 кг жогорку салмак категориясында мелдешет.
Кыз-келиндер: 55кг, 60кг, 65кг, 70кг, 75кг чейинки жана 75кг жогорку салмак категориясында күч сынашат.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Дүйнөлүк алыш белбоо күрөшү федерациясы менен биргеликте уюштурулду.