Бишкекте Аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш аяктады – жеңүүчүлөр

Спорт Загрузка... 23 Февраль 2026 16:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 19-20-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана өспүрүмдөр арасында аскердик кармаш уруш боюнча II эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Советтер Союзунун баатыры Калыйнур Үсөнбаевдин жаркын элесине арналды.

Мелдеште Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан жалпы 300дөн ашуун спортчу күч сынашты.

Жалпы командалык эсепте төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

  • 1-орун — Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы аскер бөлүгү;
  • 2-орун— Ички иштер министрлигинин академиясы;
  • 3-орун — Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту.