Бишкекте Беларусь менен биргеликте трансформатор чогултуучу ишкана ачылат – элчи

Экономика Загрузка... 22 Июль 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-07-22 at 12.48.49.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковдун Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыкты бекемдөөгө болгон ниетин дагы бир жолу тастыктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Кыргызстан менен Беларустун тышкы иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, бул расмий сапар быйыл жогорку деңгээлде өткөн эки тараптуу жолугушуулардын уландысы болуп саналат. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болгон.

“Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу келишимдерге, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык тармагында макулдашуулар жетишилди. Кыргызстан менен Беларусь компанияларынын ортосунда жалпы суммасы 500 млн долларды түзгөн 20дан ашык келишимге кол коюлду. Ошондой эле Кыргыз-беларусь ишкердик кеңеши түзүлдү. Бүгүнкү жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери бул келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.
Мындан тышкары, айыл чарба, өнөр жай, билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык тармактарындагы актуалдуу маселелер каралды. Жалпы күн тартиби боюнча министрлер пикир алмашып, жакынкы келечекке карата мындан аркы пландарды белгилешти.
Жалпысынан Кыргызстан жылдык соода жүгүртүүсү 200 млн АКШ долларынан ашкан өлкөлөрдү артыкчылыктуу соода өнөктөш катары карайт. Өткөн жылы эки өлкөнүн өз ара товар жүгүртүүсү Кыргызстандын статистикасы боюнча тарыхта биринчи жолу 200 млн доллардан ашып, 206,5 млн долларды түздү. Ал эми Беларустун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 340 млн доллар деңгээлинде болгон”,- деди Султанбаев.

Элчи өз сөзүндө учурда Беларусь саясий жана соода-экономикалык багытта Кыргызстан үчүн эң артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын белгиледи.

“Айыл чарба жана коммуналдык техникалардан, азык-түлүктөн тышкары, өнөр жай кооперациясынын да жакшы мисалдары бар. Мисалы, Ош шаарында Беларустун “Могилёвлифтмаш” ишканасы менен биргеликте лифт жабдууларын чогултуу боюнча өндүрүш ишке ашырылууда. Ошондой эле жакынкы айларда Бишкек шаарында дагы бир жаңы трансформатор чогултуу ишканасын ишке киргизүү пландалууда.
Учурда Кыргызстанда трансформатор өндүрүүчү өз алдынча завод жок. Ошондуктан жергиликтүү ишкерлер Беларустун Козлов атындагы заводу менен биргеликте жакынкы айларда Бишкекте трансформатор жабдууларын чогултуучу ишкана ачышат. Экспорт тууралуу айта кетсем, кыргыз продукциясынын Беларусь рыногуна экспорту жыл сайын өсүүдө. Акыркы үч жыл ичинде бул көрсөткүч 35%га жогорулады. Негизинен, көп жылдан бери салттуу түрдө кыргыз радиаторлору МАЗ, МТЗ, Гомсельмаш, БелАЗ сыяктуу ири Беларусь ишканаларына жеткирилүүдө”,- дейт ал.

Мындан тышкары, өткөн жана ушул жылдары Минск жана Бишкек шаарларында өткөн биргелешкен бизнес-форумдардын жыйынтыгында кыргыз айыл чарба продукциясын, атап айтканда, эрте бышкан жашылча-жемиштерди Беларусь рыногуна жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөндүгүн маалымдады. Анткени, Кыргызстан климаттык шарттарына байланыштуу аталган продукцияларды Беларусь керектөөчүлөрү үчүн ыңгайлуу мезгилде жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.