Бишкекте "Бизнес, экология жана спорт — Ак-Илбирс 2025" эл аралык форуму өтүүдө

Коом Загрузка... 23 Октябрь 2025 12:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Бизнес, экология жана спорт — Ак-Илбирс 2025" аттуу форуму өтүүдө, ал 23-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк ак илбирс күнүнө арналды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул күндү белгилөө демилгеси Кыргызстанга таандык болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен расмий түрдө эл аралык дата катары кабыл алынган.

Форум — ишкер чөйрөнүн, спорттук уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана экологиялык демилгелердин өкүлдөрүн бириктирген өзгөчө аянтча болуп саналат. Иш-чаранын негизги максаты — ак илбирсти жана Кыргызстандын тоолуу экосистемаларын сактоого көмөктөшүү.

Форумдун алкагында төмөнкү негизги багыттар боюнча панелдик талкуулар өткөрүлүүдө:

  1. Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча улуттук стратегиясы жана аракеттер планы — өнөктөштүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизги багыты катары.
  2. Жаратылышты коргоодогу бизнестин ролу. Финансы жана "жашыл" инвестициялар — банктар менен ишкерлердин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого кошкон салымы.
  3. Спорт жана экология. "Спорт – экотуризмди өнүктүрүүнүн куралы" — кар барысы бренди астында өткөрүлө турган турнирлер, марафондор жана фестивалдардын презентациясы.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Кыргызстанды "Кар барысынын өлкөсү" катары бренддештирүү, экологиялык жоопкерчиликтүү туризмди илгерилетүү жана өлкөнүн туруктуу эл аралык аброюн калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Форумда президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө арналган Беш жылдык иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү - элчи Динара Кемелова бардык катышуучуларды Ак илбирстин эл аралык күнү менен куттуктады.

570235697_8124.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Бул күн Кыргызстан менен өнөктөштөрдүн демилгеси боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан эл аралык күн катары жарыялангандан кийин биринчи жолу белгиленип жатат. Бул – кар барысынын жана тоолуу экосистемалардын глобалдык маанисин таануу болуп саналат, анткени алардын абалы миллиондогон адамдардын жашоосуна түз таасир этет.

Кубанычтуу жагдай — бул күндү белгилөө демилгеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго таандык. Биз үчүн кар барысы — жөн гана сейрек кездешүүчү жаныбар эмес. Ал 2023-жылдагы Президенттин Жарлыгы менен бекитилген улуттук символ, маданий өзгөчөлүгүбүздүн бир бөлүгү жана адам менен жаратылыштын ажырагыс байланышын эске салган белги", — деди Кемелова.

Элчи ошондой эле Жаратылыш ресурстары министрлигинин БУУӨП, ЮНЕП, ГЭФ, GSLEP, NABU, Дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштерин белгиледи.

"NABU уюмунун колдоосу менен Кемин шаарында жапайы жаныбарларды реабилитациялоо жана экологиялык билим берүү борбору ачылганына кубанычтамын. Ошондой эле кар барысына арналган экомузей түзүү демилгеси көтөрүлүп, кеңири колдоого ээ болду. Бул долбоор жарандардын, айрыкча балдардын жана туристтердин экологиялык аң-сезимин жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ал.

Ал эми жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев өз сөзүндө табиятты коргоо жаатындагы ийгилик бардык тараптардын биргелешкен аракетине жараша болорун баса белгиледи.

WhatsApp_Image_OEOqgm4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Мамлекет, бизнес, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом биригип иштегенде гана биз кар барысын — тоолордун улуу сакчысын — сактап, келечек муундар үчүн экосистемаларды коргой алабыз", — деди министр.

Министр БУУӨПтүн өкүлү Соловьевага форумду уюштуруудагы колдоосу жана айлана-чөйрөнү коргоо менен туруктуу өнүгүү багытындагы демилгелерди үзгүлтүксүз колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЮНЕП, GSLEP, NABU жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын жаратылыш мурасын сактоого кошкон салымын жогору баалады.

"Бул күн бизге мамлекет, уюмдар жана жарандар биригип аракет кылганда гана тоолуу экосистемаларды сактап, Теңир-Тоонун улуу сакчысы — ак илбирсти келечек муундар үчүн коргой аларыбызды эске салат", — деп баса белгиледи министр.

Ак илбирс — улуттук символ жана тоолордун сакчысы

Ак илбирс — Кыргызстандын тоолуу экосистемаларынын туруктуулугунун көрсөткүчү жана улуттук сыймыгы. Ал жаратылышты коргоо боюнча улуттук программалардын — экосистемалык ыкмалардын, туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн, жайыттарды башкаруунун жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.

2023-жылдын 29-декабрындагы КР президентинин №УП-369 жарлыгы менен кар барысы расмий түрдө КР Улуттук символу катары бекитилген. Бул чечим жаратылыш, улуттук өздүк жана мамлекеттүүлүк ортосундагы терең байланышты чагылдырат.

Ал эми 2024-жылы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы A/RES/79/143 резолюциясын кабыл алып, 23-октябрды Кар барысынын эл аралык күнү катары белгиледи. Бул чечим Кыргызстан менен кар барысы жашаган башка өлкөлөрдүн жаратылышты сактоого кошкон салымын дүйнөлүк деңгээлде тааныды.

"Бүгүн табияттан көбүрөөк алып, ага эч нерсе кайтарбай жашоо эмес, тескерисинче, табият менен толук ырашкерликте, толук гармонияда жашоо — акыл-эсибиздин далили", — деп жазган Чыңгыз Айтматов.

Бул сөздөр форумдун философиялык урааны болуп, катышуучуларды жаратылышты сактоо жолунда биргелешкен аракеттерге үндөдү.