Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Широкая көчөсүнүн тургундары менен жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин шаардыктар жакын жерде жайгашкан өндүрүш объектисинен чыккан үнгө даттанып кайрылышкан.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы тургундардын арыз-муктаждыктарын угуп, андан соң мурунку айнек заводунун аймагында жайгашкан, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү менен алектенген ишканага барды.
Объектти кыдырып чыккан соң, Айбек Жунушалиев ишкана ээсине чектеш жайгашкан турак үйлөргө жеткен үндүн деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүнү, анын ичинде кошумча ызы-чууну басуучу (изоляциялык) каражаттарды орнотуу маселесин кароону тапшырды. Муну менен катар, ишкерге өндүрүштүк ишмердүүлүктү ушундай объекттерди жайгаштыруу үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.
Белгилей кетсек, реконструкцияланган Широкая көчөсү 2025-жылдын 31-майында ачылган. Жаңыланган тилкенин узундугу 650 метрди түзөт.