Бишкекте Евробиримдиктин BOMCA 10 программасынын жыйынтыктары чыгарылууда

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 05 Сентябрь 2025 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Бишкекте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбор Азиядагы чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү BOMCA 10 программасынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны өтүүдө. Иш-чара программанын онунчу фазасынын алкагында уюштурулуп жатат.

Жогоруда аталган программа акыркы төрт жарым жыл ичинде коопсуздукту чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырган. 2021-жылдын 1-апрелинде башталып программа быйылкы жылдын 30-сентябрында аяктайт.

Программа региондогу Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүн камтыйт. Ошондой эле Европа Биримдигин, мамлекеттик органдарды, эл аралык өнөктөштөрдү жана жарандык коомду бириктирүүгө багытталган.

Максаты - аймактагы коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өсүштү бекемдөөгө, ошондой эле чек ара чөйрөсүндөгү кызматташтыкты колдоого жана Борбор Азиянын чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Бенефициар мекемелер: чек ара, бажы жана миграция кызматтары, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтар, санитардык мекемелер, ИИМ, прокуратура органдары, чек ара аймагындагы коомчулуктар, бизнес жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы калкы.

Программа өзүнө төмөндөгү төрт негизги компонентти камтыды:

- чек ара кызматтарын институционалдык жактан өнүктүрүү;

- мыйзам бузуу фактыларын аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

- мыйзамдуу соодага көмөктөшүү;

- чек арага жакын жашаган калктын жашоосун жакшыртуу үчүн трансчек аралык кызматташууну чыңдоо.

Бүгүнкү күнгө чейин ал жогоруда аталган багыттар боюнча 365 иш-чараны иш жүзүнө ашырган. Бюджети – 21,65 млн еврону түзөт.

Белгилей кетсек, BOMCA (Border Management Programme in Central Asia) - бул Евробиримдиктин (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ишке ашырып келе жаткан программасы. Ал 2003-жылдан бери түрдүү этаптар менен ишин жүргүзүп келет.