Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда каратэ-до боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, Каратэ-до Шотокан WSF улуттук федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулар катышты. Иш-чаранын алкагында 2025-жылы каратэ спортунда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн спортчуларга жана машыктыруучуларга Ардак грамоталар ыйгарылды.
Мелдешке жалпы 165 спортчу катышууда. Эркектер 60 кг, 67 кг, 75 кг, 84 кг жана 84 килограммдан жогору салмак категорияларында күч сынашты. Ал эми кыз-келиндер 50 кг, 55 кг, 61 кг, 68 кг чейинки жана 68 килограммдан жогору салмак категорияларында таймашууда.