Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлгөн көп функционалдуу аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа мындай объектилерди куруу өсүп келе жаткан муун үчүн заманбап спорт менен машыгууга жана активдүү эс алууга шарт түзүүгө, ошондой эле жашоочулар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларын уюштурууга багытталганын белгиледи.
"Биз бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз. Алдыбызда чоң милдеттер турат. Быйыл республикалык бюджеттин колдоосу, ошондой эле инвестициялар жана мэриянын каражаттарынын эсебинен борбор калаада 36 meктептин курулушу пландалууда. Бишкекте шаар тургундарына зарыл болгон социалдык объектилердин саны дагы көбөйүшү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз", — деди мэр.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 0,6 гектарды түзгөн аймакта кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы жана балдар оюн аянтчалары курулду. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу системалары орнотулуп, чуркоо жолдору салынып, резина жабуу төшөлдү.
Мындан тышкары, гранит менен капталган сырткы тепкичтер жана пандустар орнотулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кошумча иштер да аткарылды.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды. Подряддык уюм болуп "Би Эм Ассист" ЖЧКсы иш алып барды.