Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. 16-январга карата Бишкектеги "Даамдуу" аталышындагы тез татым түйүнүндө тамак-аштан уулангандардын саны 23 адамга жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бешөө балдар.
"18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу. 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 15-январда аталган тез татым түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонгону аныкталган. Ар кандай бейтаптарда алгачкы белгилер бир сутканын ичинде пайда болуп, андан кийин медициналык жардамга кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.