Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Күн мурун, 12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин "Жаштык" аренасында өттү. Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашык балбан катышып, күч сынашты.
Кыргызстандын курама командасы жалпы 12 медаль жеңди:
- Грек-рим күрөшү боюнча: 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
- Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
- Эркин күрөш боюнча: 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун камсыздалды.