Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин катышуусунда Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан “Уңгу жол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чарада мамлекеттик катчы кыргыз адабияты элдин дүйнө таанымын, нарк-насилин жана тарыхый эс тутумун сактап келген улуу руханий мурас экенин белгиледи.
Ал сөз өнөрү улуттун интеллектуалдык кубатын калыптандырган негизги күчтөрдүн бири экенин айтты. Ошондой эле “кыргыз ренессансы” шартында улуттук маданият, тил жана тарыхка жаңыча мамиле калыптанып, руханий жаңыланууга өбөлгө түзүлүп жатканын белгиленди.
Мындан тышкары мамлекеттик катчы Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мукай Элебаев, Сыдык Карачев, Баялы Кененсариев жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар кыргыз адабиятынын пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүктүн руханий негизин калыптандырууга зор салым кошконун айтып өттү.
Конференцияга Казакстан жана Өзбекстандан келген окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана адабият күйөрмандары катышты. Иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга багытталып, китеп көргөзмөсү уюштурулуп, видео-тасма көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында кыргыз адабиятын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.