Бишкекте Валерий Руппелдин көргөзмөсү өттү

Маданият Загрузка... 23 Апрель 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. С.А.Чуйков атындагы Мемориалдык үй-музейде Валерий Руппелдин "Сүрөт – Портрет" аттуу көргөзмөсү өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара шаар күнүнө арналып уюштурулуп, экспозицияда шаар тургундарынын көмүр менен тартылган портреттери сунушталды.

Көргөзмө салттуу сүрөт тартуу ыкмасы менен заманбап технологиялардын, анын ичинде смартфондун чыгармачылык процесстеги айкалышын чагылдырды. Сүрөтчү өз эмгектери аркылуу адамдын ички дүйнөсүн жана заманбап коомдун образын берүүгө умтулат. Байыркы үңкүр сүрөттөрүнөн бүгүнкү күнгө чейин адамдын өзүн билдирүүгө болгон умтулуусу өзгөрбөй келгендиги бул эмгектерде ырааттуу ачылып берилет.

Валерий Руппель 1948-жылы туулган, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1968-жылы Төмөнкү Тагил шаарындагы Урал прикладдык искусство окуу жайын бүтүргөн. Анын эмгектери Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Москва Кремлинин музейинде, ошондой эле Швейцария, Германия жана АКШдагы жеке коллекцияларда сакталууда.