Бишкекте жаш манасчылардын арасында сынак өттү – жеңүүчүлөр

Маданият Загрузка... 25 Апрель 2026 13:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас" театры тарабынан жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынак президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Сынакка өлкөнүн бардык облустарынан тандалып келген мыкты жаш манасчылар катышып, улуу "Манас" эпосун айтуудагы чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынак эки багытта — кыргыз жана чет тилдеринде өткөрүлдү.

"Манас" айтуу (кыргыз тилинде):

Баш байге — Бекмырза Шарипов;
1-орун — Жасмина Турусбекова;
2-орун — Ыйман Досалиев, Азиза Исабаева;
3-орун — Азамат Токтомамбетов, Оомат Абдурасулов.

"Манас" айтуу (чет тилинде):

Баш байге — Айбийке Алтынбекова;
1-орун — Мохигүл Хайдарова;
2-орун — Таттыбүбү Бакытбекова, Эркайым Эркинбекова;
3-орун — Айгерим Жолдошбекова, Аделина Насипова.

Сынак жаш манасчылардын өнөрүн баалоо менен бирге, улуттук маданий мурастын баалуулугун арттырууга жана аны муундан-муунга өткөрүүгө өбөлгө түздү.