Бишкек, 20.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 24-апрелде жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры билдирет.
Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өтүп келген жаш манасчылар катышып, финалдык турда өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ал эми иш-чаранын максаты таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо, улуу “Манас” эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.