Бишкектеги ЖККУ саммити: интеграция, коопсуздук артыкчылыктары жана стратегиялык пландар

Аналитика Загрузка... 27 Ноябрь 2025 16:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар
26–27-ноябрда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) саммити Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу этабынын негизги окуясы болуп калды. Иш-чара Россия президенти Владимир Путиндин расмий сапарынан кийин өтүп жатканы саясий контекстти күчөтүп, саммитке кошумча дипломатиялык салмак берди.
26-ноябрда Беларусь, Казакстан жана Тажикстан президенттеринин Бишкекке келип, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы расмий эмес программага катышуусу өлкө лидерлеринин өз ара ишенимин чыңдаган маанилүү кадам болду.
Этномаданий программа жана президент Садыр Жапаровдун конокторго кыргыздын улуттук музыкалык аспабы – комузду белекке бериши достукка жана ишенимге багытталган символдук белги катары кабыл алынды.
Мындай расмий эмес жолугушуулар көп учурда расмий күн тартибине кирбеген, бирок маанилүү маселелерди талкуулоого шарт түзөт. Лидерлер ачык сүйлөшүп, татаал маселелер боюнча да орток түшүнүккө келе алышат. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара жакындашууну бекемдейт.

27-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы менен Тышкы иштер министрлер кеңеши, Коргоо министрлер кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарынан кийин, анын жыйынтыгы катары Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өттү. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин пленардык сессиясын төрагалык кылган президент Садыр Жапаров ачты.

"Тар чөйрөдөгү жыйында биз кеңири маселелерди натыйжалуу талкууладык. Региондук жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу болду. Сессиянын бардык пункттары боюнча өз ара түшүнүшүү жаралды. Ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коопсуздукка коркунуч туудурган факторлорго каршы турууда конкреттүү кадамдар көрүлдү. Уюмубуздун эл аралык аброюн бекемдөө жана тышкы саясаттагы координацияны кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүрдү. Аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык багытында практикалык чаралар ишке ашырылды", - деди өлкө башчысы.

Жалпысынан алганда, уюмдун 2025-жылга пландалган иш-чаралары ийгиликтүү аткарылганын айтсак болот. Бүгүнкү жыйында биз аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, ЖККУнун келерки жылдагы ишинин актуалдуу багыттарын аныктап, тиешелүү милдеттерди белгиледик", – деди Садыр Жапаров.

Күн тартибиндеги негизги маселелерде аймактык коопсуздукка байланыштуу эң курч чакырыктар чагылдырылды:
  • баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө координацияны күчөтүү,
  • мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешкен чараларды өнүктүрүү,
  • жамааттык коргонуу механизмдерин өркүндөтүү,
  • коопсуздук коркунучтарына жооп берүү жөндөмүн жакшыртуу.

    Саммиттин жыйынтыгында уюмду институционалдык жактан чыңдоого болгон муктаждыкты көрсөткөн жана жамааттык коопсуздук системасын мындан ары комплекстүү өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

ЖКККнун жыйынында кабыл алынган декларация саммиттин борбордук документтеринин бири болду. Анда дүйнөдөгү жана ЖККУ аймагындагы кырдаалга баа берилип, регионалдык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган жалпы мамилелер белгиленди.
Ошондой эле 2026–2029-жылдарга ЖККУнун баш катчысы кызматына талапкердин маселеси каралып, бул кызматка Таалатбек Масадыковдун талапкерлигин Кыргызстан сунуштап, ал бул кызматты 2026-жылдын башынан баштап аркаламай болду.

Саммит Кыргызстан үчүн төрагалык мезгилинин аякташын билдирип, 2026-жылы төрагалык Россияга өтмөй болду.
Москва өзүнүн алдыдагы артыкчылыктарын жана демилгелерин сунуштаары күтүлүүдө. Төрагалыкты өткөрүп алуу уюм ичиндеги иштин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылып, коопсуздук боюнча башталган долбоорлордун улантылышын бекемдейт.

Бишкектеги саммит кыргыз төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып гана тим болбостон, ЖККУга мүчө мамлекеттеринин стратегиялык позицияларын шайкештендирген маанилүү платформага айланды.

Глобалдык чыңалуу күчөп жаткан шартта өлкөлөр жамааттык коопсуздук механизмдерин бекемдөөгө, аскерий-саясий өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулууда.
Саммиттин бир нече деңгээлди камтышы — саясий, аскерий-стратегиялык жана гуманитардык жаатта ЖККУнун аймактагы туруктуулукту камсыздоодогу ролу жогорулап жатканын көрсөтөт. Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү демилгелер көтөрүлгөн.

Акыркы жылдары ЖККУ БУУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүп келет. Бул саясат ЖККУнун глобалдык, регионалдык жана жамааттык коопсуздук системаларындагы ролун жогорулатат. Ушундан улам ЖККУ жөн гана аскерий-саясий эмес, Евразиядагы коопсуздук архитектурасын бекемдөөгө жөндөмдүү дипломатиялык институт катары да караган түшүнүктү калыптандырууда.

Бул тууралуу учурдагы ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетов белгилүү орус илимий басылмасына жазган макаласында төмөнкүлөрдү айткан.

"Келечекте ЖККУнун башкы милдети — өзгөрүп жаткан эл аралык мамилелер системасында уюмдун ролун жана маанисин күчөтүү, ошол эле учурда калыптанган принциптерге жана артыкчылыктарга берилгендикти сактап, регионалдык жана глобалдык коопсуздуктун заманбап контекстине ылайык келүү болуп саналат. Уюмдун негизги аракеттери кризистик кырдаалдарды алдын алуу боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жана анын жоопкерчилик аймагындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө багытталат", - деген ал.

“Союзники ОДКБ” маалымат-аналитикалык басылмасында тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев төмөнкүлөрдү жазды.

“Дүйнө 10–15 жылдан кийин кандай болорун так айтуу кыйын, бирок азыр да түзүлүү стадиясында турган дүйнөлүк тартип шартында ЖККУ эл аралык коопсуздуктун маанилүү тиреги экенин болжолдоого болот.

Бардык коркунучтарга алдын ала жооп даярдоо мүмкүн эмес, бирок аларга тез, так жана макулдашылган түрдө чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле каршы аракеттенүү потенциалын бекемдөө — ЖККУнун эң маанилүү милдеттеринин бири.

Буга байланыштуу акыркы беш жылда Россия Евразияда жаңы коопсуздук архитектурасын талкуулоого өнөктөштөрүн активдүү чакырып келет. Дал ушул алкакта азыр континенттеги уюмдардын өз ара кызматташуусунун жана демилгелеринин шайкештешүүсүнүн негизги каркасы калыптанууда.

Быйыл Бишкекте өтүп жаткан ЖККУ саммити — тынч эмес, өзгөрүп жаткан дүйнөнүн келечектеги коркунучтарына континенттеги өлкөлөрдү системалуу түрдө даярдоонун маанилүү этабы катары каралышы керек”,-деген.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Путин Россиянын ЖККУдагы төрагалыгы "Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук. Бирдиктүү максат" деген ураан алдында өтөрүн билдирди.

"Россия ЖККУ алкагындагы негизги багыттар боюнча бардык аракеттерди көрөт жана мамлекеттерибиздин кызматташуусун чыныгы союздаштык, достук жана жакын коңшулук принциптерине, бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого, өз ара жардамдашууга жана колдоого таянып өнүктүрөт", – деп билдирди Путин.

Ал президент Садыр Жапаровго ЖККУга төрагалык кылуу мезгилинде аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Путин кыргызстандык өкүл Таалатбек Мамасадыковду ЖККУнун башкы катчысы кызматын кабыл алышы менен куттуктап, ага ийгилик каалады.

"Албетте, биз ага бардык зарыл колдоону көрсөтөбүз. Жамааттык коопсуздук кеңешинин кийинки сессиясы 2026-жылдын 11-ноябрында Москва шаарында өтөөрү макулдашылды. Силерди Россиянын борборунда көрүүгө кубанычта болобуз", – деди Путин.