Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана бюрократиялык иштерди кыскартууга багытталган масштабдуу реформа улантылууда. Экономика жана коммерция министрлиги бизнес үчүн уруксат документтердин дээрлик 50%дан ашыгы кыскартылып, 900 уруксат кагаздын 439у калганын билдирди. Бул масштабдуу өзгөртүү президент Садыр Жапаровдун тийиштүү жарлыгынын негизинде киргизилди. Бизнес өкүлдөрү бюрократиянын кыскарышы инвесторлор үчүн да маанилүү экенин белгилеп жатышат. Бул арада министрлер кабинети экономикалык өсүштү 9-10%да кармап туруу үчүн инвестиция тартуу зарылдыгын белгилөөдө.
Бизнес ачуу жана жүргүзүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарды жок кылуу, уруксат документтерин берүүнү жеңилдетүү зарылдыгын бизнес чөйрөсү ондогон жылдардан бери айтып келген. Административдик ашкере талаптар өзгөчө инвестициялык жагымдуулукка көлөкө түшүрүп жатканы далай талкууланганы маалым. Акыркы беш жылда инвестициялык долбоорлордун өлкө экономикасы үчүн таасирин коомчулук жакшы билип калды. Анын үстүнө президент жана министрлер кабинетинин төрагасы кайда барбасын Кыргызстанда чет элдик капчыктуулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн айтып, чакырык таштап келишет. Мамлекет иш жүзүндө да бизнестин түрлөрү үчүн салыктык жеңилдиктерди берип, негизсиз текшерүүлөргө бөгөт койду.
Бизнес үчүн акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформанын дагы бир жагымдуу жыйынтыгы, уруксат кагаздарынын кескин кыскаруусу болду. Эске салсак, 2025-жылы мекемелер аралык комиссия түзүлүп, уруксат берүү процедураларын масштабдуу инвентаризациялоо жүргөн. Анда дээрлик 900 лицензия, уруксат, күбөлүк, милдеттүү сертификация, аккредитация, экспертиза жана башка уруксат кагаздары талдоого алынган. Талдоо талаптардын басымдуу бөлүгү актуалдуулугун мурда эле жоготконун көргөзгөн.
- 214 документ (23,64%) көйгөйлүү же эскирген деп таанылып, жокко чыгаруу сунушталган;
- 58 документтин (6,41%) башка мамлекеттик органдарга берилиши мүмкүндүгү белгиленген;
- 87 документ (9,61%) уруксат берүүчү документке кирбейт деп табылган;
- 36 документ (3,98%) берилбей калган же күчүн жоготкон.
Дагы 16 документ боюнча алып салуу же жеңилдетүү сунушу түшкөн. Натыйжада 900 уруксат кагаздын дээрлик жарымы кыскартылып, 439 түрү калтырылды. Тийиштүү жарлыкка 2026-жылдын 16-апрелинде президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык уруксат берүүчү документтер чөйрөсүн системалуу трансформациялоого, анын ичинде бюрократиядан чыгарууга, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Эми мамлекеттик органдар бизнестен ашыкча маалымкаттарды талап кыла алышпайт.
Экономика жана коммерция министрлиги "Кабар" агенттигине билдиргендей, уруксат берүүчү документтерди укуктук жөнгө салуунун атайын режими 2027-жылдын 31-мартына чейин киргизилди.
“Бул режимдин алкагында мамлекеттик органдар колдонууга милдеттүү болгон 439 түрдөгү уруксат берүүчү документтердин толук тизмеси бекитилди. Тизмеге кирбеген документтер мамлекеттик органдар тарабынан талап кылынбайт. Ошол эле учурда оптималдаштырылууга тийиш болгон 199 документтин тизмеси бекитилди. Бул документтерге карата аларды берүү мөөнөтүн кыскартуу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, талап кылынган документтердин санын азайтуу, ошондой эле процесстерди этап-этабы менен санариптештирүү каралган”, - деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.
Бир жыл ичинде мамлекеттик органдар уруксат кагаздары, лицензиялар баштаган документтердин тобунун керектүүлүгүн далилдеши керек. JIA бизнес-ассоциациянын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу билдиргендей, эгер алардын зарылдыгы тастыкталбаса жокко чыгарылышы керек.

“Бул абдан зарыл жана сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон реформанын түрү десек болот. Бирок бул туруктуу эмес, убактылуу пилоттук түрдө киргизилип жатат. Бул жерде мен бир катар жагдайларга көңүл бургум келет. Эң негизгиси, өзгөртүүнү мамлекет өзү демилгелеп, жоопкерчиликтүү мекемени белгиледи. Өкмөттүн бул багытта өзгөчө көңүл буруп жатканы колдоого алынарлык.
Ошол эле учурда биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Маселе мыйзамда эмес, анын аткарылышында, туруктуулугунда жана түшүнүктүүлүгүндө. Бул бизнес үчүн абдан маанилүү. Бул реформанын негизги идеясы мамлекеттик органдар уруксат кагаздарынын, лицензиялардын керектүүлүгүн далилдеши керек. Эгер белгиленген убакытта далилдей албаса, ал кагаздар жокко чыгарылат. Бул абдан туура.
Дагы бир нерсени баса белгилеп кетүү керек. Реформа Бишкекте эле калып калбай, региондорго да жетиши зарыл. Эгер аймактарга жетпесе анда кайра эле маанисин жоготуп коет. Анткени аймактар эски ыкмалар менен иштешет. Ошону да эске алуу зарыл”, - деди Аззамбек Жээнбай уулу.
Бизнес чөйрөсүнүн өкүлү уруксат документтеринин кыскарышынын инвестиция тартуудагы ролун да белгиледи. Анын айтымында, мыйзам, эрежелер так болсо, инвестор ойлонбой келет. Алар үчүн ачык-айкындык, туруктуулук абдан маанилүү. Айтмакчы, дал ушул аймактар жана инвестиция көйгөйлөрүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 23-апрелинде жергиликтүү жетекчилер менен болгон онлайн-кеңешмеде көтөргөнү маалым. Ал экономикалык өсүштү 9-10%да кармап туруу үчүн инвестициялар зарыл экенин белгиледи. Ал эми президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин 200 ири инвестициялык долбоордон турган портфель түзүү ниети бар экенин билдирди. Аларды энергетика, туризм, өндүрүш, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына багыттоо пландалууда.