ШКУдагы коопсуздук – туруктуулук менен экономикалык өсүштүн кепилдиги

Аналитика Загрузка... 28 Апрель 2026 18:20
0.webp
copyright icon WWW

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алуу учурунда айтты.

1

ШКУнун кызматташтык аймагында коопсуздукту чыңдоо жана туруктуулукту сактоо – Кыргызстан өзгөчө маани берген артыкчылыктуу багыттардын бири. Эксперттер белгилегендей, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана башка экзистенциалдык коркунучтарга биргелешип каршы туруу жана өз ара аракеттенүү коопсуздуктун ажырагыс принциптерине негизделгенин айгинелейт. Башкача айтканда, тынчтыкты сактоо жана тобокелдиктерди ооздуктоо боюнча жалпы милдеттер өнөктөштөр менен тыгыз байланышта чечилет.

ШКУнун коргоо министрлеринин кеңешмесин ачып жатып, Кыргызстандын коргоо ведомствосунун башчысы Руслан Мукамбетов коргонуу чөйрөсүндөгү негизги артыкчылык – өз ара ишенимди чыңдоо экенин баса белгиледи. "Биз ачык диалог жана иш-аракеттердин алдын ала болжолдонуусу аркылуу гана тынчтыкты сактап, элдерибиздин коопсуздугун ондогон жылдарга камсыз кыла аларыбызга ишенебиз", – деди ал.

7

Белгилүү себептерден улам, мындай мүнөздөгү иш-чаралар негизинен жабык режимде өтөт. Эксперттер белгилешкендей, коопсуздуктун назик маселелерин, стратегиялык туруктуулукту жана аскердик кызматташтыкты чечүүдө ачык-айкындуулуктун кереги жок. Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь жана Борбор Азиянын төрт өлкөсүнүн коргоо министрлери аскердик-саясий кырдаалды талкуулап, тобокелдиктерге баа берип, өз ара аракеттенүү механизмдерин карап, саммитке документтерди даярдап жатканда сырттан ашыкча көңүл буруу натыйжалуулукка кедергисин тийгизет.

"Кабар" агенттигине берген маегинде Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов мындай жыйындарда эмнелер талкууланарын жана алар кандай өтөрүн жалпылап айтып берди.

"Биринчиден, коргоо министрлеринин, тышкы иштер министрлеринин кеңештери, ошондой эле Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитети аталган уюмдун уставдык органдары болуп саналат. Мындай жолугушуулардын алкагында маселелер талкууланат жана иштелип чыгат, тараптардын позициялары макулдашылат, мамлекет башчыларынын саммитине чыгарыла турган документтердин акыркы варианттары каралат.

2

Экинчиден, дүйнөлүк жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар Евразия мейкиндигинде туруктуулукту сактоо канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө. ШКУнун коргоо министрлеринин кеңеши региондогу түзүлгөн аскердик-саясий кырдаалды сөзсүз түрдө эске алат, анын негизинде кырдаалды нормалдаштырууга көмөктөшүү боюнча сунуштар иштелип чыгышы мүмкүн. ШКУнун артыкчылыгы – бул туруктуулук жана коопсуздук, ошондуктан бардык тобокелдиктерди эсепке алуу зарыл. ШКУ – бул геосаясатта сунуштары жана демилгелери салмактуу болгон кадыр-барктуу эл аралык аянтча", – деп белгиледи Иманкулов.

ШКУнун коопсуздук алкагы – бул жаңы экономикалык реалдуулук калыптана турган негизги элементтердин бири. Коопсуздуктун бөлүнбөстүгү принциптерине негизделген чоң Евразия мейкиндигинин туруктуулугу – комплекстүү өнүгүүнү: ири инфраструктуралык долбоорлорду, трансчек аралык транспорттук коридорлорду ишке ашырууну, соода көлөмүн жана өндүрүш кубаттуулуктарын жогорулатууну стимулдаштыруучу факторлор.

Глобалдык экономика ыдырап, айрым жерлерде куралдуу кагылышуулардан улам токтоп калуу белгилери байкалганда, БРИКС, ШКУ жана ЕАЭБ өлкөлөрү кризистик көрүнүштөргө бир топ азыраак дуушар болууда. Биздин өнөктөш мамлекеттер тышкы кысымга кабылып жатышат жана биз санкциялык риторикага олуттуу жооп кайтаруудабыз. Бирок, так ушундай учурларда кошумча варианттарга ээ болуу маанилүү, анткени экономикалык жактан биздин аймак Борбор Азиядагы жакынкы коңшулар, Россия, Кытай жана Индия менен кызматташууга кыйла терең интеграцияланган.

Белгилүү экономист Кубатбек Рахимовдун айтымында, санкциялык кысым темасы коомдук мейкиндикте барган сайын көп жаңырып, Кыргызстан да четте калган жок.

3

"Бирок, өлкөнүн экономикалык байланыштарынын реалдуу түзүмүнө кароо маанилүү. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүк – бул саясий формат эле эмес, жылдар бою калыптанган соода, логистикалык жана технологиялык өнөктөштүктүн иштеп жаткан системасы.

Техника, жабдуулар же азык-түлүк болобу, тигил же бул товарларды жеткирүүгө чектөөлөр киргизилген учурда, Кыргызстан аларды ыкчам алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Кытай, Индия, Казакстан, Беларусь жана Россиянын рыноктору жеткиликтүү баада альтернативалардын кеңири тандоосун сунуштайт. Кеп гипотетикалык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө эмес, буга чейин текшерилген контрагенттер менен курулган чынжырлар тууралуу болуп жатат. Ооба, кыска мөөнөттүү келечекте реэкспорттук операциялардын мүмкүн болгон кыскарышы айрым көрсөткүчтөргө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, узак мөөнөттүү экономикалык коопсуздук жагынан караганда, абал башкача көрүнөт.

Кыргызстандын стратегиялык инструменттери да бар: алтын – өлкөнүн негизги экспорттук активи, ал негизинен Лондон жана Швейцария аркылуу ишке ашырылат, бирок ШКУдагы өнөктөштөр толук кандуу альтернативалуу аянтча боло алат. Бул зарыл болгон учурда колдонула турган геосаясий ресурс. Кыргыз экономикасынын азыркы туруктуулугу – көбүнесе шанхай форматындагы системалуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжасы. Бишкекте өтө турган ШКУнун август саммитинин алдында бул өзгөчө актуалдуу, уюм өзүнүн практикалык баалуулугун декларациялар менен эмес, реалдуу экономикалык логика менен далилдеп жатат", – дейт Рахимов.

Эксперттик коомчулуктун пикири боюнча, экономикалык байланыштарды өз ара пайда жана улуттук кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде куруу менен ШКУ өзүн-өзү камсыз кылган өнүгүү уюлу катары олуттуу чыңдалууда.

5

ШКУнун пайдубалы – мамлекеттер аралык кызматташтыктын адилеттүү эрежелери жана саясаттагы макулдашылган чечимдер. Уюмдун өзөгүн түзгөн 10 мамлекет, анын ичинде Кытай, Россия, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь жана Борбор Азиянын төрт өлкөсү өз ара аракеттенүүнүн негизги принциптери боюнча кеңири консенсуска жетишти. Алардын негизинде адилеттүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдери калыптанууда.

Бүгүнкү күндө ШКУга Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери кызыгуу көрсөтүүдө. Диалог боюнча өнөктөштөрдүн жана байкоочулардын саны 17ге жетти. Өлкөлөр бирлешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизип, заманбап транспорттук каркасты куруп, өнөр жайды жана энергетиканы жигердүү өнүктүрүүдө. ШКУнун жалпы ИДПсы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 35 пайызын түзөт, ал эми калкынын саны адамзаттын дээрлик жарымына жакындайт.