Президент Садыр Жапаров менен Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Бишкектеги жолугушуусу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Бул жерде өз ара кызыкчылык туудурган бир катар факторлор бар.

Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен кызматташуусунун маанилүүлүгү алардын учурдагы масштабында эмес, узак мөөнөттүү өз ара пайдасында жатат. Бул жерде кеп казып алуучу өнөр жай тармактарындагы кооперациядан баштап, геосаясий колдоого чейин болууда. Саясий эрк болсо, мындай кызматташтык “Түштүк-Түштүк” натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү боло алат. Кыргызстан менен Африканын ортосундагы мындай кызматташтык бир нече негизги тармактарда барган сайын чоң мааниге ээ болууда.

Кыргызстан жана Африка өлкөлөрү минералдык ресурстарга: көмүр, жез, сейрек кездешүүчү элементтер, кобальт, алтын жана литийге бай. Казып алуу өнөр жайындагы жана ресурстарды өздөштүрүүдөгү кызматташтык технологиялар менен алмашууга, казып алуунун туруктуу ыкмаларына жана транс-улуттук компаниялардан көз карандылыкты азайтып, бир ууч кызыл кулактарга эмес, өлкө элине пайда алып келе турган биргелешкен ишканаларды түзүүгө алып келиши мүмкүн.

Кыргызстан мөңгүлөрдүн эриши көйгөйлөрүнө туш болууда, ал эми Африка кургакчылык жана кыртыштын деградациясы менен күрөшүп келет. Жайыттарды башкаруу ыкмалары, кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүк сорттору жана алдын ала эскертүү системалары менен алмашуу экологиялык системалардын өз ара туруктуулугуна өбөлгө түзө алат.
Борбор Азия чөлкөмүнүн бир бөлүгү катары Кыргызстан жана африкалык өлкөлөр күн жана шамал энергиясынын жогорку потенциалына ээ. Автономдуу кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны сактоо жана энерготармактарды модернизациялоо жаатындагы кызматташтык айыл жерлерин өнүктүрүүгө жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгуусун азайтууга көмөктөшөт.

Дагы бир багыт — ”Түштүк-Түштүк” билим алмашуусу. Кыргызстан жана африкалык өлкөлөр салттуу ”Түндүк-Түштүк“ көз карандылыгысыз эле экономикалык трансформация, башкаруу жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашуудан пайда таба алышат. Кыргызстан Африкада дагы эле өз убагында учкучтар, авиациялык штурмандар, инженерлер жана техниктер билим алган өлкө катары белгилүү. Бул салттуу байланыштар заманбап Кыргызстанда да уланууда жана африка өлкөлөрү үчүн учкучтарды, инженердик жана техникалык адистиктерди даярдоо үчүн жакшы келечекке ээ.

Кыргызстан менен Тогонун башчыларынын Бишкектеги жолугушуусунун мисалында эки тарап тең эл аралык өнөктөштүктү, атап айтканда, БУУ, ”Чоң жети“ же ”Бир алкак — бир жол” демилгеси сыяктуу форумдардагы кызматташтыкты диверсификациялоого умтулуп жатканы көрүнүп турат. Мындай ыкма адилеттүү соода, климатты каржылоо жана карыздык жүктү азайтуу сыяктуу маселелер боюнча алардын үнүн күчөтөт.
Борбор Азия жана Африка географиялык жактан бири-биринен алыс жайгашкан, ал эми алардын ортосундагы тарыхый байланыштар эми гана түзүлүп жатат. Казып алуу өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, энергетикадагы жана дипломатиядагы максаттуу кызматташтык өз ара пайда алып келиши мүмкүн.
Шерадил Бактыгулов