Борбор Азияда бирдиктүү электр энергия рыногун түзүүгө $3,2 млн бөлүндү

Борбор Азия Загрузка... 26 Февраль 2026 18:00
photo_26_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.02.26. /Кабар/. Ташкент шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн суу-энергетика программасы — CAWEP менен «Энергия» координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду.

Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасы — REMIT 2035-жылга чейин эсептелип, 1 млрд АКШ долларынан ашык каржылоону камтыйт.

Аталган программа аймак өлкөлөрүнүн энергетикалык өз ара байланышын чыңдоого, Борбор Азиядагы алгачкы регионалдык электр энергия рыногун түзүүгө, чек ара аралык электр соодасын кеңейтүүгө, электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын бирдиктүү системага интеграциялоого багытталган.

Гранттык каражат «Энергия» координациялык-диспетчердик борборунун жетекчилиги алдында пилоттук регионалдык рынокту иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, регионалдык рынок операторунун функциясын түзүүгө, ошондой эле мамлекеттер аралык координациялык механизмдерди бекемдөөгө жумшалат.

Маалымат үчүн: CAWEP (Central Asia Water and Energy Program) — Дүйнөлүк банк, Европа биримдиги, Швейцария жана Улуу Британия тарабынан колдоого алынган өнөктөштүк программа болуп саналат. Ал климаттын өзгөрүшү шартында аймактын суу-энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган.