Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт.
"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
- ЧЧК, Коммунаров көчөсү, Жаз көчөсү, Алтын-Бешик көчөсү, Мыскал көчөсү, Мидин көчөсү, Насыйкат көчөсү;
- Хмельницкий көчөсү, КЧК, Новосельская көчөсү, Аул көчөсү, Широкий көчөсү.
"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.