БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга кандай артыкчылык берет?

Саясат Загрузка... 04 Июнь 2026 12:00
524947017_3500614293415078_5020044126323963698_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кун мурун Кыргызстан буга чейин Борбор Азиядагы деңизге чыга албаган чакан өлкө үчүн кол жеткис көрүнгөн тарыхый ийгиликке жетишти. Биринчи жолу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Улан Жусупов айтканын Британиянын белгилүү The London Post эл аралык маалыматтык интернет-басылмасы жазды.

Без имени

Анын айтымында, бул жөнөкөй шайлоо эмес, эл аралык таануунун далили. Кыргызстандын эгемендүүлүктөн берки баскан жолунун, Борбор Азиянын өсүп жаткан ролунун жана чакан мамлекеттер да глобалдык маселелерди чечүүгө салым кошо аларынын далили.

"Бул жеңиш кокустан келген жок. Дипломатиялык тажрыйбасы бай, кадыр-барктуу Филиппин өлкөсү менен болгон атаандаштыкта Кыргызстан акыркы айлампа боюнча 142 добушка ээ болуп, ишенимдүү түрдө алдыга чыкты. Акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан активдүү жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүп, экономикалык реформаларды ишке ашырды. Бүгүнкү күндө өлкө экономикасы Евразия чөлкөмүндөгү эң тез өнүгүп жаткан экономикалардын бирине айланды. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн экономикалык келечегин гана өзгөртпөстөн, аймактар аралык көпүрө болуу ролун күчөтүүдө. Ошондой эле эл аралык каржы рынокторунда Кыргызстандын суверендик кредиттик рейтинги жогорулап, инвесторлордун ишеними артты", - деди ал.

Улан Жусупов белгилегендей, бул жеңиш бүткүл Борбор Азиянын жеңиши. Ондогон жылдар бою биздин чөлкөм геосаясий атаандаштыктын призмасы аркылуу каралып келсе, бүгүн ал кызматташтыктын жана мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы катары таанылууда.

66
"Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланган аймактагы экинчи гана өлкө болуп калды. Биз Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосундагы жаңы доордогу кызматташтыктын негизинде бул жоопкерчиликтүү миссияны сыймыктануу менен аткарабыз. Кыргызстан аталган кеңештин туруктуу эмес мүчөлүгүнүн алкагында дүйнөлүк дебаттарда көп учурда көңүл сыртында калган, бирок миллиондогон адамдар үчүн маанилүү болгон климматтын өзгөрүүсү, суу жана азык-түлүк коопсуздугу, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көйгөйлөрү сыяктуу маселелерге басым жасайт. Бул демилгелердин алкагында 2027-жылга пландалган Бүткүл дүйнөлүк тоо саммитин Кыргызстан өзүндө кабыл алат. Ал жерде дүйнөлүк лидерлер, эксперттер тоолуу аймактардын келечегин талкуулашат", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле мурдагы элчи Коопсуздук кеңешине мүчө болуу сыйлык эмес, чоң жоопкерчилик экенин кошумчалады. Бүгүн дүйнө куралдуу кагылышууларга, гуманитардык кризистерге жана геосаясий чыңалууга туш болуп жатат. Аны эч бир өлкө жалгыз чече албайт.

"Буга байланыштуу Кыргызстан эл аралык аренада каршылашуунун ордуна диалогду, тирешүүнүн ордуна дипломатияны тандаган көпүрө болууну көздөйт. 3-июндагы добуш берүү маанилүү бир чындыкты көрсөттү: Эл аралык тынчтык менен коопсуздукту чоң жана кубаттуу державалар гана чечпеши керек, кичинекей мамлекеттердин да үнү угулушу шарт. Бул шайлоо Кыргызстан үчүн тарыхтын жаңы баракчасынын ачылышы. Биз салым кошууга даярбыз!", - деп жыйынтыктады Жусупов.