Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуу учурунда эки өлкө ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында натыйжалуу кызматташып келе жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Беларусь Кыргызстан төрагалык кылып жаткан Шанхай кызматташтык уюмундагы иштердин жыйынтыктуулугун жогору баалайт жана уюмдун алкагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган кыргыз тараптын аракеттерин колдойт. Ошондой эле ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап өттү.
“Акыркы жылдары эки тараптуу байланыштар олуттуу өнүгүүгө ээ болду. Биргелешкен кызматташуу механизмдеринин, анын ичинде өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин натыйжалуулугу кыйла жогорулады. Аймактар аралык байланыштар, ошондой эле ишканалар менен бизнес чөйрөлөрүнүн түз байланыштары жигердүү өнүгүп, узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн бекем негиз түзүүдө”, - деди Турчин.
Мындан тышкары, анын айтымында, тараптар Кыргызстанда трансформаторлорду биргелешип өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Бул долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө, технологиялык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга жана экспорттук потенциалды калыптандырууга мүмкүндүк берет. Аны ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого олуттуу салым кошот деп ишенебиз”, - деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун келген. Учурда Беларусь делегациясы кыргыз тарап менен биргеликте эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоону улантууда.