БУУда Транскаспий коридорун санариптештирүү маселеси көтөрүлдү

Саясат Загрузка... 14 Июль 2026 13:10
WhatsApp Image 2026-07-13 at 22.45.04 (1).jpeg
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн атайын программасына (СПЕКА) катышуучу мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмеси өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ага экономика министри Бакыт Сыдыковдун төрагалык кылды.

Ал деңизге түз чыга албаган СПЕКАга катышуучу мамлекеттер үчүн транспортту, логистиканы жана чек ара аркылуу жүк ташууларды натыйжалуу уюштурууну өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ болуп, туруктуу экономикалык өсүштүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө министр Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады. Алардын катарына туруктуу транспортту жана логистиканы өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү, электрондук коммерцияны илгерилетүү, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында биргелешкен чек аралык долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

Министрдин айтымында, БУУнун укуктук инструменттерин жана стандарттарын колдонуу менен Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун алкагында маалыматтар жана документтер менен мультимодалдык алмашууну санариптештирүү боюнча СПЕКАнын Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле Кыргызстан СПЕКАга мүчө мамлекеттердин 2027-жылга чейин жүк ташуулар боюнча электрондук маалыматтарды БУУнун эл аралык стандарттарына ылайык колдонууга өтүүсүн колдойт.

Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташтыкты чыңдоого, Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө, кагазсыз чек аралык сооданы илгерилетүүгө жана СПЕКАнын көп тараптуу максаттуу трасттык фондунун механизмдерин өркүндөтүүгө берилгендигин ырастады.

Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга жана СПЕКАнын иш-чараларына катышуусу өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы улуттук артыкчылыктарын илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана БУУнун системасынын алкагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстан СПЕКАга төрагалык кылууда.

Маалымат үчүн: БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн атайын программасы (СПЕКА) 1998-жылдын 26-мартында Ташкент декларациясынын негизинде түзүлгөн. Программанын негизги максаты – катышуучу мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн алкагында алардын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөк көрсөтүү.

СПЕКАнын катчылыгынын милдетин Азия жана Тынч океан үчүн БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО/ESCAP) аткарат. Комиссия Программанын ишин координациялап, Борбордук Азия мамлекеттерине биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.