Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Пакистандын президенти Асиф Али Зардарынын 6-7-июлда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарын кеңири талкуулашты.
Аталган сапар кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө кошумча дем берип, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөнү белгиленди.

Жолугушууда расмий сапардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алдыдагы иш-чараларына даярдык көрүүгө, анын ичинде тышкы саясий ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дардын ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин алдыдагы жыйынына катышуусун күтөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого, үзгүлтүксүз саясий диалогду улантууга жана эки тараптуу форматта, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.