Кыргызстан менен Индонезия соода кызматташтыгын өнүктүрүүнү сүйлөштү

Саясат Загрузка... 03 Июль 2026 09:50
736601095_2510524666036792_5782104432703016987_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индонезиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду мындан ары чыңдоо, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы координация маселелерин талкуулашты.

"Кыргызстан Индонезияны достук өнөктөш жана Азия-Тынч океан аймагындагы негизги мамлекеттердин бири катары карайт. Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик, маданий-гуманитардык тармактардагы, ошондой эле халал-индустриясы жаатындагы долбоорлорду илгерилетүү маанилүү", - деди ал.
736832916_1348975637394750_7607537238322424514_n

Өз кезегинде Анис Матта Индонезия Кыргызстан менен мазмундуу диалогду улантууга, анын ичинде экономикалык алкаларды өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөр ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкка кыйла активдүү жана системалуу мүнөз берүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.