Быйыл Ош облусунун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт – президент

Президент Загрузка... 11 Апрель 2026 20:36
671331501_1525011429633486_2750086613510547515_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. 2026-жылы Ош облусунун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, өткөн жылы Ош облусунун бюджети 7,3 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,7 млрд сомго жакын каражат кошумча берилген.

“2026-жылы облустун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт, ошол эле учурда Ош шаарын жана жалпы аймакты өнүктүрүүгө кошумча каржылоо каралган. “Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы облуска 8,5 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, спорт, ичүүчү суу, ирригация жана башка объектилер курулган”, - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент быйылкы жылы бул максаттарга 1,7 млрд сом каралганын, дагы кошумча каржылоо пландаштырылып жатканын айтты.