Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келген

Туризм Загрузка... 01 Апрель 2026 09:20
43ff6aeae7e76dce3c1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. 2025-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Ал белгилегендей, паркка келгендердин саны жогорулап жатат.

"2026-жылдын январь айынан бери эсеп жүргүзүлүп келүүдө. Парк жумасына орто эсеп менен 18 миңге жакын конокту кабыл алат. Негизги жыйынтыктар жылдын аягында чыгарылат", - деди ал.