Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Өткөн жылы Ош облусун өнүктүрүүгө өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 13 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, ал каражаттар Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүүгө, облустар ортосундагы автожолдорду реконстукциялоо жана куруу боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталган.
Ошондой эле президент үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында фонддон 200 млн сом бөлүнүп, кошумча жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылууда.
“Азыркы мезгилде Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Булардын бардыгы эл аралык донорлор менен каржы институттарынын инвестиция бөлүүгө кызыкдар экендигин, долбоорлорду ишке ашырууда туруктуу динамика бар экенин айкындайт”, - деди президент.