Кыргызстанда акыркы реформалардын алкагында бир катар кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Негизинен көңүл бюджеттик жана социалдык маанилүү тармактарга бурулуп, алардын катарына билим берүү, медицина жана маданият кызматкерлери, спорт тармагынын айрым өкүлдөрү, ошондой эле техникалык жана тейлөөчү персонал кирди. Бүгүндөн тарта 300 миңдей кызматкер жогорулаган айлык акыларын колдоруна ала башташты.
Тийиштүү токтомго ылайык, кызматтык окладдар жана ставкалар 60 пайызга жогорулатылып, мындан тышкары 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, ал эми ал техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө каралды. Компенсация мындан ары ай сайын айлык акыга кошулуп төлөнүп турат.

Өлкө башчысы 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөргө жараша калктын кирешесин жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатканын белгилеген.
“Эң алды менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин маяналарын жогорулатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Үстүбүздөгү айдын соңунда мугалимдер, дарыгерлер, маданият жана спорт кызматкерлери 100 пайыз көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышат.
Дүйнө жүзү боюнча баалар күн сайын өсүүдө. Ошондуктан айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу бүгүнкү күндө башкы максат бойдон калып жаткандыктан, биз бюджетибизде кандай мүмкүнчүлүк боло калса эле, айлык акылардын, пенсиянын көлөмүн жогорулатып жатабыз”, - деген Садыр Жапаров.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү орточо айлык 45 миң 585 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөнү байкалат.

Социалдык камсыздоо тармагы
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жогорулатылган айлыкты социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлери ала башташты.
Алардын катарына республикалык жана аймактык деңгээлдеги социалдык мекемелер, анын ичинде медициналык-социалдык экспертиза борбору, реабилитациялоо борборлору, социалдык стационардык уюмдар жана башка кызмат көрсөтүүчү түзүмдөрдүн кызматкерлери кирип, жыйынтыгында 3400дөн ашуун адамдын эмгек акысы жогорулатылды.
Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 1-сентябрга пландаштырылган, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү каралууда.

Медицина тармагы
Президенттин жарлыгына ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Ага ылайык, алар дагы дээрлик 100% жогорулатылган эмгек акысын ала башташты.
Төмөндө дарыгерлердин мурунку жана кийинки айлыгы (колго тийгени) берилди:
- Дарыгер (30% стаж, жогорку категория): 22 271 - 46 900 сом;
- Дарыгер (20% стаж, биринчи категория): 19 332 - 43 085 сом;
- Дарыгер (20% стаж, экинчи категория): 17 739 - 41 465 сом;
- Жаш дарыгер:15 544 - 35 454 сом;
- Медайым (30% стаж, жогорку категория): 15 490 - 37 936 сом;
- Медайым (20% стаж): 11 490 - 32 317 сом;
- Медайым: 9 575 сом - 29 181 сом;
- Кенже медициналык персонал: 9 152 - 19 468 сом.
Бул эсептөөлөр 1 ставка боюнча жүргүзүлгөн. Эгер кызматкер кошумча жумуш аткарса, анда эмгек акысына кошумча 50% кошулат.

Маданият тармагы
1-апрелден тартып маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо дээрлик 100%га чейин жогорулатылды. Бул чечим тармактын негизги багыттарын - китепканаларды, музейлерди, маданият үйлөрүн, ошондой эле театрдык жана оюн-зоок мекемелерине толугу менен тийиштүү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, 15 000 сомдук президенттик компенсация да төмөнкү пайыздык ченде камтылат жана ар бир тармакта ар башкача, коэфициенттерге жараша өзгөрүүлөр бар.
Төмөндө айлык акылар аймактардагы жана борбор калаадагы мекемелерге, ошондой эле “улуттук” статусуна ээ уюмдарга жараша бөлүштүрүлүп белгиленди.
Китепканалар
- Административдик персонал: 25–28 миң сомдон 40–45 миң сомго чейин;
- Негизги персонал: 18–22 миң сомдон 33–38 миң сомго чейин;
- Техникалык персонал: 14–16 миң сомдон 28–33 миң сомго чейин.
Музейлер
- Административдик персонал: 25–28 миң сомдон 40–45 миң сомго чейин;
- Негизги персонал: 20–22 миң сомдон 35–38 миң сомго чейин;
- Техникалык персонал: 14–16 миң сомдон 28–33 миң сомго чейин.
Театрдык жана көрүү-зоок мекемелери
- Административдик персонал: 28–30 миң сомдон 45–50 миң сомго чейин;
- Негизги персонал: 20–25 миң сомдон 35–40 миң сомго чейин;
- Техникалык персонал: 14–16 миң сомдон 28–33 миң сомго чейин.
Маданият үйлөрү
- Административдик персонал: 25 миң сомдон 40–45 миң сомго чейин;
- Негизги персонал: 18–22 миң сомдон 33–38 миң сомго чейин;
- Техникалык персонал: 14–16 миң сомдон 28–33 миң сомго чейин.

Дене тарбия жана спорт тармагы
Кыргызстанда дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатылды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кабыл алынган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармак кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
Кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатуу каралган, ошондой эле кошумча 15 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү белгиленген. Мындан тышкары, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган. Жалпысынан алганда спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлүүдө.

Агартуу тармагы
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү системасында жалпысынан 183 977 кызматкердин айлыгы жогорулады. Аларга мектепке чейинки, мектептик, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, окуу-методикалык түзүмдөр жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттары кирет. Ошондой эле жетекчилердин жана негизги кызматкерлердин айлык акылары да көтөрүлдү. Андан сырткары техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдар да көңүл сыртында калган жок.
Айлык акыларга кошумча төлөмдөр жана үстөктөр билим деңгээлине, педагогикалык стажына, илимий даражасына, ардак наамдарына, квалификациялык категориясына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген шарттарына жараша белгиленет.
Мисалга айыл жергесинде 16 жылдык стажы бар, 19 сааттык жүктөм менен иштеген башталгыч класстардын мугалими – 33223 сом алып келсе, колуна 56 111 сом алмай болду. 2,5 жана 3 эсе дагы жогорулатуулар болуп, 18 676 сом алып келген бала бакча жетекчиси – 52 447 сом алары белгилүү болду. Буга 15210 сом алып келген мугалимдин устаты – методисттер дагы мисал. Алар эми – 53438 алмай болду.
Жалпыга маалымдоо каражаттары
Айлык маянасы жогорулатылгандардын катарына УТРК, ЭлТР, “Мир” телеканалдарынын жана Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин кызматкерлери да кирди. Аталган ЖМКларда эмгек акылар жогорулап, ошондой эле президенттин 15 миң сомдук компенсациясы кошулуп берилди.