15.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-март айларында ички дүң продукция (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 428,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Анда белгиленгендей, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 10,1%га өстү.
Өнөр жай тармагында былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмүнүн өсүшү төмөнкү багыттарда байкалды:
- транспорт каражаттары — 49,5%;
- пайдалуу кендерди казып алуу — 30,4%;
- желим буюмдары жана курулуш материалдары — 39,7%;
- тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары — 17,9%;
- тазаланган мунай продуктулары — 14,6%;
- негизги металлдар — 10,5%.
Мындан тышкары, курулуш тармагы 29,6%га, дүң жана чекене соода 12,1%га, ал эми айыл чарбасы 2,8%га өстү.
2026-жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү.