Кыргызстан менен Япония тигүү өнөр жайындагы кызматташтыгын тереңдетет

Экономика Загрузка... 14 Июль 2026 16:05
745962994_1611007727060572_5985960898456481489_n.jpg
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. 13-14-июлда Токио шаарында экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова баштаган тигүү ишканаларынын өкүлдөрү япондук белгилүү JUKI компаниясынын президенти Ацуши Нарикава менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар өлкөнүн тигүү тармагын заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана модернизациялоо келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап JUKI компаниясына өлкөдө өнөр жайлык тигүү жабдууларын тейлөө үчүн сервистик жана техникалык инфраструктура түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Б. Нурланова запастык бөлүктөр менен ыкчам камсыздоо жана сапаттуу техникалык колдоо ата мекендик ишканалардын натыйжалуу иштеши үчүн маанилүү шарт экенин белгиледи.

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы компаниясынын Тотиги префектурасындагы өндүрүштүк жайларына барып, заманбап технологиялык линиялар, автоматташтыруу жана сапатты көзөмөлдөө системалары менен таанышты. Бул сапар ата мекендик тигүү ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана техникалык адистерди даярдоо багытындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жол ачты.

Жолугушуунун жыйынтыгында JUKI компаниясы Кыргызстандын тигүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.