Чаткалда сел 10 көпүрөнү жабыркатты: ӨКМ кырсыктын кесепеттерин жоюуда

Кырсык Загрузка... 15 Июнь 2026 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Чаткал районунда селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июнда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам кокту-колоттордо сел жүргөн.

Анын натыйжасында 6 унаа өтүүчү жана 4 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү (жалпы 10) көпүрө жабыркаган. Сумсар – Шекафтар унаа жолун жана Сумсар айылындагы ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын сел каптаган.

Мындан тышкары, 6 турак үйдүн короо-жайын суу каптап, 1 турак үйдүн жана 1 сарайдын дубалы урап түшкөн.

Учурда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, сел калдыктары каптаган турак үйлөр жана социалдык объекттер толугу менен тазаланып, аймакта өчкөн электр энергиясы кайра калыбына келтирилди.

Бүгүн, 15-июнда Терек-Сай айыл аймагындагы тазалоо жана жолдорду калыбына келтирүү иштерине атайын 5 кызматкер, 5 самосвал, 2 экскаватор жана 2 жүктөгүч оор техникалары тартылып, жумуш улантылууда.

Белгиленгендей, Терек-Сай айыл аймагына райондун акиминин буйругу менен II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.