Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 21 Июль 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 19-июлда 2004-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран достору менен сууга түшүүгө барып, чөгүп кеткени маалымдалган.

Издөө иштерине Чүй облусунун ички иштер органдарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

"Эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн жарандын сөөгү табылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.