Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Чоң-Капка" фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан ташылып келе жаткан 2 миң даана гүлгө карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Талас башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, бул жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган.
"Евразия экономика биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартибине ылайык, эреже бузуулар катталгандыктан, аталган жүк кайра артка кайтарылды" - деп айтылат маалыматта.