Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында токой ресурстарын сактоо, экосистеманы калыбына келтирүү жана аймакты жашылдандырууда илимий ыкманы колдонуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине парктын директору Адилбек Касмалиев билдирди.
Анын айтымында, токойду калыбына келтирүү иш-чаралары кыртыштын жана табигый шарттардын алдын ала жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрүнүн негизинде ишке ашырылууда. Бул бак-дарактарды отургузуу үчүн эң ылайыктуу тилкелерди аныктоого жана көчөттөрдүн тамыр алып, өсүп кетүү көрсөткүчүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Парктын аймагында көчөт өстүрүүчү жай (питомник) иштеп жатат. Анда жаратылыш комплексинин аймагына кийин отургузула турган жаш дарактар өстүрүлөт. Бул көчөттөр токойду калыбына келтирүүнүн узак мөөнөттүү программаларынын алкагында колдонулат.
"Чоң-Кемин" жаратылыш паркы 123,6 миң гектар аянтты ээлейт, анын 16 миң гектарга жакыны токой менен капталган. Бул аймактын негизги токой түзүүчү тукуму болгон Тянь-Шань карагайы өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле парктын аймагына карагай, кайың жана кызыл карагай сыяктуу бактардын түрлөрү отургузулуп, ийгиликтүү ыңгайлашты", — деди парктын директору Адилбек Касмалиев.
Парк жетекчиси белгилегендей, жашылдандыруу жана токойлорду коргоо иштери бекитилген программалардын алкагында жүргүзүлүп, аймактын уникалдуу жаратылыш комплексин сактоого багытталган.