Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өтүүдө

ШКУ Загрузка... 19 Июль 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.07.2026. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өтүүдө.

Жыйынга Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Ирандын, Индиянын, Кытайдын, Пакистандын жана Россиянын делегация башчыларынын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө маданият министрлери ШКУ алкагындагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечектүү багыттарын талкуулашат.