Бишкек, 19.07.26. /Кабар/. Глобалдык өзгөрүүлөр доорунда өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана маданияттардын ар түрдүүлүгүн таанууга негизделген “Шанхай духу” макроаймактагы туруктуулуктун, ишенимдин жана тынчтыкта бирге жашоонун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кылууда. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, өткөн мезгил аралыгында катышуучу өлкөлөр биргелешкен аракеттердин натыйжасында көптөгөн теориялык макулдашууларды практикалык деңгээлге өткөрүүгө жетишти.
“Кыргызстан үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарына ШКУнун расмий туристтик жана маданий борбору макамынын ыйгарылышы чоң сыймык жана тарыхый жоопкерчилик болду. Бул ардактуу миссиянын алкагында биз эл аралык иш-чаралардын, элдик кол өнөрчүлүк фестивалдарынын, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнүн жана чыгармачылык симпозиумдардын бир катарын ийгиликтүү өткөрүп, бул аймакты Евразия маданияттарынын жандуу диалог аянтчасына айландырдык”, - деп белгиледи Мамбеталиев.
Министр ошондой эле Ысык-Көлдө ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңири масштабдагы медиафорумунун өткөрүлүшүнүн маанисине токтолду. Аталган форумга алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалымат агенттиктеринин жана санариптик платформалардын жүзгө жакын жетекчиси катышты.
“Биз жалган маалыматтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн пайдубалын түптөй алдык, журналистиканын жаңы этикалык стандарттарын иштеп чыгып, бирдиктүү кесиптик маалыматтык мейкиндикти түзүүгө карай маанилүү кадам жасадык”, — деди министр.