Бишкек, 19.07.26. /Кабар/. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык театр фестивалын түзүү демилгесин сунуштайт.Бул фестиваль маданий диалог үчүн жаңы аянтча болуп, Бишкекти уюмдун негизги театр борборлорунун бирине айландырууну көздөйт. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, фестиваль жөн гана театрлык коюлмалардын сынагы болбостон, тажрыйба алмашууга, биргелешкен чыгармачылыкка жана жаңы эл аралык долбоорлорду түзүүгө багытталган ири платформа болот.
“Биз кылымдарды карыткан улуттук салттар менен заманбап театр жаңычылдыгы айкалышкан жандуу экосистеманы түзүп жатабыз”, — деди министр.
Фестивалдын алкагында классикалык опера жана балеттен тартып куурчак театрына жана эксперименталдык жаштар коюлмаларына чейин театр жанрларынын кеңири түрлөрү сунушталат.
Өзгөчө көңүл ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн биргелешкен чыгармачылыгына бурулмакчы. Режиссёрлор жана актёрлор атайын чыгармачыл лабораторияларга катышып, жаңы эл аралык спектаклдерди жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, долбоор төмөнкүдөй санариптик өнүгүүнү да камтыйт: интерактивдүү театр картасын жана ШКУнун бирдиктүү мультимедиялык архивин түзүү пландалууда. Бул көрүүчүлөргө ар кайсы өлкөлөрдөн фестивалдык иш-чаралар менен онлайн таанышууга шарт түзөт.
- “Биздин ураан — “Театр искусствосу аркылуу маданияттардын диалогу”. Искусство сүйлөгөн жерде ишеним жаралат деп ынанабыз. Бул демилгени колдоп, өлкөлөрүбүздүн маданий дипломатиясынын тарыхында жаңы баракты чоогу ачууга чакырабыз”, — деп белгиледи Мамбеталиев.