Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. 5-апрелде кыргызстандык мушкер Ихтияр Нишонов Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” бокс боюнча эл аралык турниринде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, боксчу 70 кг чейин салмак чен бирдигинде күч сынашып, финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичди утту.
Ал беттешти 1/8 финалдан баскычынан баштап Азербайжан, Түркия жана Германиянын спортчуларын жеңди.
Белгиленгендей, 29-мартта башталган бокс боюнча эл аралык турнир 5-апрелде аяктады.