Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм эркек бала жарык дүйнөгө келген. Бүгүн ымыркайлардын жана эненин абалы турукташкан соң, алар үйлөрүнө чыгышты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгер-акушери Айнагүл Эшалиеванын айтымында, учурда балдардын абалы канааттандырарлык.

“35 жаштагы Фатима биздин перинаталдык борборго кош бойлуулуктун өтө оор патологиясы менен түшкөн. Бул патологияны дарылоо мүмкүн эмес, бир гана төрөтүү жолу менен чечилет. Бирок, кош бойлуулук мөөнөтү 31 жума гана болгонун, эненин жашын жана бул көптөн күткөн кош бойлуулук экенин эске алып, биз максималдуу түрдө мөөнөтүн узартууга аракет кылдык", - деди дарыгер.
Анын айтымында, бейтап реанимацияда жана патология бөлүмүндө тыкыр көзөмөлдө болгон.

"Магнезиалдык жана гепотензивдик терапиянын жардамы менен кош бойлуулукту 35 жумага чейин жеткире алдык. Бул балдардын жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн арттырып, салмак кошуусуна шарт түздү. Төрөт пландуу түрдө кесарево жолу менен ишке ашып, үч эркек бала төрөлдү. Алардын салмагы 1800, 2300 жана 2400 граммды түздү. Ымыркайлар бир топ убакыт реанимацияда кычкылтек менен дем алышты. Эң башкысы – балдарда эч кандай тубаса кемтиктер же патологиялар табылган жок, алар болгону убактысынан эрте төрөлдү. Бүгүн алар активдүү, салмак кошуп, үйгө чыгууга даяр. Мындан ары да биз аларга консультациялык колдоо көрсөтүп, мониторинг жүргүзүп турабыз”, – деди дарыгер.

Үч эмдин апасы Фатима Султанбек кызы балдарынын абалы жакшы экенин айтып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

“Балдарымдын абалы жакшы, кудай буюруса үйгө чыгып жатабыз. Биз бул ооруканада эки жарым айдан ашык жаттык. Бул убакыттын ичинде кенже кызматкерлерден баштап бөлүм башчыларга, дарыгерлерге чейин баары менен жакындан таанышып, бир туугандай болуп калдык. Оорукананын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Мен ооруканага абдан оор абалда келген элем, дарыгерлер бир эмес, төртөөбүздүн өмүрүбүздү сактап калышты. Балдарымды да абдан жакшы карашты, баарына рахмат”, – деди ал.