Деменциянын алгачкы белгилерин бейтап өзү байкабай калышы мүмкүн – адис

Ден соолук Загрузка... 09 Апрель 2026 13:30
3882726a7c2ed73365721d769c90738b_ce_1200x800x0x100.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Деменция өнүгүп жаткан адам аны өзү байкашы күмөн. Бул ооруунун алгачкы белгилерин анын жакындары байкашы маанилүү. Бул тууралуу невролог Павел Хорошев НСН менен болгон маегинде айтып бергенин Lenta.ru жазды.

"Адамдын эс тутумунда көйгөйлөр бар экенин жакындары гана байкай алышат, анткени анын кадимки жүрүм-туруму өзгөрөт. Муну жөн эле чарчоо менен байланыштырбаш керек", — деп эскертти дарыгер.

Окумуштуулар белгилегендей, азыр адамдардын бир нерсеге көңүл буруу убактысы расмий түрдө 47 секундга чейин кыскарды. Мээ тынымсыз билдирүүлөргө, видеотасмаларды бат-бат жылдырууга жана кыска контентке көнүп калган. Адамдар мээге тапшырмалар менен күч келтирбей калышты, бул келечекте когнитивдик функцияларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Технология өнүккөн заманда бардыгын телефонго жазып, эскертме коюп алгандыктан, адамдар өз мээсинин алсырап баратканын сезишпейт. Эс тутуму начарлап кетсе да, технология жардам берип жатат деп ойлоп, дарыгердин көмөгүнө муктаж экенин аңдабай калышат", — деп белгиледи невролог.

Дарыгер ошондой эле мээнин алдыңкы бөлүгүнүн деменциясынын (FTD) күчөгөн түрүнөн жабыркап жаткан актёр Брюс Уиллис өзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өзү байкашы күмөн экенин белгиледи. Адистин болжолунда, аларды биринчилерден болуп тасма аянтындагы кесиптештери жана жакындары байкашкан.

"Актёр тасма тартуу учурунда ойго батып туруп калып, текстин унута баштаганда, режиссёр менен операторлор биринчилерден болуп кооптонушкан. Ал эми актёр өзү муну сезген эмес, ага баары жакшыдай сезилген. Ошондуктан, мындай учурда эң биринчи жакын адамдары жана туугандары гана байкап, жардамга шашылышы керек", — деп жыйынтыктады дарыгер.